O!Bank — убакыт келди!

O!Bank — «Мой O!» супертиркемесинин бөлүгү болуп, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү алууну мурдагыдан да жеткиликтүү, оңой жана пайдалуу кылууда. Бул — «Мой O!» экосистемасынын өнүгүүсүндөгү, жана банктын позициясын жеке жактар жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу жана инновациялуу финансылык өнөктөш катары бекемдөөдөгү маанилүү кадам.
Эми банктын кардарлары үйдөн чыкпай туруп түздөн-түз тиркемеден өз финансыларын оңой башкарып, эсептерди ачып, кредиттерди алып, депозиттерди жана карталарды тариздей алышат.
O!Bank’тын стратегиялык максаты — Кыргызстандагы жеке кардарлар жана бизнес үчүн финансылык кызматтарды көрсөтүү тармагындагы лидерликке жетүү. Банк финансылык сектор менен өз ара аракеттешүүнү жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө багытталган инновациялуу чечимдерди киргизүүнү пландоодо.
Белгилей кетели, «Мой O!» — миллиондогон колдонуучулардын күнүмдүк турмушунун ажырагыс бөлүгү болуп калган Кыргызстандагы санариптик кызматтардын алдыңкы экосистемасы. Тиркеме мобилдик байланышты ыңгайлуу башкарууну, финтех-кызматтарды, маркетплейсти жана арзан авиабилеттер сервисин сунуштап, эң көп суроо-талапка ээ болгон сервистерди ыңгайлуу жана коопсуз колдонууга мүмкүндүк берет.
Бүгүнкү күндө «Мой O!» тиркемеси 7 миллиондон ашык ирет жүктөлүп алынды, бул — анын кыргызстандыктардын арасында популярдуулукка жана ишенимге ээ болгонун ырастайт.
«Мой O!» тиркемесин Google Play’ден же App Store’дон каалаган SIM-карта менен жүктөп алыңыз.
Толук маалымат сайтта.