O!Bank эми жакыныраак — сиздерди жаңы кеңселерде күтөбүз

O!Bank кардарлардын ыңгайлуу жана сапаттуу тейлениши менен санариптик технологиялар айкалышкан жаңы кеңселерди ачууда.

Өнүгүүнүн маанилүү этабы катары Бишкек ш., Орозбеков көч., 45 дарегиндеги жаңы Башкы кеңсенин жана «O!Bank – Бишкек» филиалынын ачылышы болду.

Ошондой эле, сиздерди Бишкек ш., Киев көч., 148, М1-кабат дарегиндеги «Бишкек Парк» соода борборунда жана Ош шаарындагы Б. Осмонов көч., 101/7А дарегинде ачылган кеңселерде күтөбүз.

Жаны кеңселер тейлөөнүн заманбап стандарттарына жооп берип, банктык кызматтарды тезирээк жана ыңгайлуураак кылууда.

Бул мейкиндиктер — кардардын ар бир кадамы оңой жана түшүнүктүү болгудай уюштурулган: пландаштыруусу ачык, электрондук кезек, күтүү аймагы ыңгайлуу жана сервистик чечимдер заманбап.

Филиалдык тармакты өнүктүрүү — O!Bank’тын стратегиясынын маанилүү бөлүгү. Банк кардарлар жана бизнес үчүн финансылык кызматтарды жеткиликтүүрөөк кылуу үчүн өлкө боюнча кеңселерлин санын көбөйтүүдө, ошондой эле иштеп жаткан бөлүмдөрдөгү сервистин сапатын жогорулатууда.

Кеңселерде жеке жана юридикалык жактар үчүн кызматтардын толук спектри жеткиликтүү: эсептерди жана депозиттерди ачуу, карталарды жана кредиттерди тариздөө, төлөмдөр жана которуулар, адистердин консультациясы, ошондой эле «Мой О!» экосистемасынын сервистерин туташтыруу.

Өз алдынча операциялар үчүн өзүн-өзү тейлөө аймактары каралган. Зарылдыгы болсо, ал жерде банктын кызматкерлери жардам беришет.

O!Bank бүт өлкө боюнча тармагын өнүктүрүүнү улантып, банктык кызматтарды кардарларга жакыныраак кылууда.

Бардык бөлүмдөрдүн даректерин жаан жакынкы кеңсе тууралуу маалыматты шилтеме аркылуу тапсаңыздар болот.

O!Bank ар дайым жаныңызда!