O!Bank жана Kaspi.kz Казакстан менен Кыргызстандын жарандары үчүн QR-төлөмдөрдүн жаңы сервисин ишке киргизди

O!Bank казакстандык финтех-лидери Kaspi.kz менен биргеликте коңшу өлкөдө үйдөгүдөй эле ыңгайлуу шартта төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк берген жаңы сервисти ишке киргизди.
Эми кыргызстандыктар Казакстанда товарларды жана кызматтарды «Мой О!» тиркемеси аркылуу Kaspi QRди сканерлөө менен төлөй алышат. Мында эч кандай комиссия жок — баары өз өлкөсүндөгүдөй. Мындан тышкары, O!Bankтын кардарларына Kaspi.kzке телефон номери аркылуу комиссиясыз заматта которуулар жеткиликтүү болду.
Кыргызстанга келген казакстандыктар үчүн Kaspi.kz тиркемеси аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү бар: кыргыз сатуучунун QR-кодун сканерлөө жетиштүү.
Төлөмдүн бул мүмкүнчүлүгү Кыргызстандын Улуттук банктар аралык процессинг борбору менен биргеликте иштелип чыккан жана киргизилген QR-коддорунун улуттук стандарты ELQRдин базасында ишке ашырылган.
Жаңы сервис эки өлкөнүн ортосунда саякаттап жүргөндө накталай акча же банктык карталарды алып жүрүү зарылдыгын толугу менен жокко чыгарат.
Болгону кадимки мобилдик тиркеме керек: «Мой О!» же Kaspi.kz.
«Мой О!» супераппын Google Play же App Storeдон Кыргызстандын каалаган операторунун SIM-картасы менен жүктөп алыңыз же жаңыртыңыз.