O!Bank Рамазан айы менен куттуктайт — календарь «Мой О!» тиркемесинде

O!Bank кыргызстандыктарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктайт.

«Мой О!» тиркемесинде орозо кармагандардын ыңгайлуулугу үчүн 2026-жылдагы Орозонун онлайн-календары жеткиликтүү.

Календарда өлкөнүн бардык аймактары үчүн актуалдуу ырааттама, ыңгайлуу таймер, дубалардын тексти жана мааниси көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, ооз ачууга жана ооз бекитүүгө 10 мүнөт калганда тиркеме эскертүү жөнөтөт. Бул функция туура иштеши үчүн телефондун жөндөөлөрүнөн билдирүүлөрдү күйгүзүү сунушталат.

Орозо календарын кантип колдонуу керек:

•Google Play’ден же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин жүктөп же жаңыртып алыңыз;
•башкы беттен «Орозо – 2026 календары» баннерин тандаңыз;
•сиз жашаган калктуу конушту тандаңыз.

Ыйык Рамазан айы ар бир үйгө тынчтыкты жана жакшы ниеттердин орундалышын алып келсин.