О!Bank телефондук алдамчылык тууралуу эскертет

О!Bank телефондук алдамчылыктын өсүп жаткандыгы тууралуу эскертет жана белгисиз номерлерден келген чалууларга сак болууну сунуштайт.
Алдамчылар кандай ыкмаларды колдонушат?
• Өздөрүн банктын же мамлекеттик мекеменин кызматкеримин деп атап чалышат.
• Сиздин эсебиңиздеги көйгөйлөр бар экендиги же жеке маалыматтарыңыздын уурдалып кеткендиги жөнүндө кабарлашат.
• Сизден сыр сөздөр, пин-коддор же картанын номерлери сыяктуу маалыматтарды берүүңүздү талап кылышат.
• Өздөрү жөнөткөн шилтемелерди ачууну же белгисиз тиркемелерди жүктөөнү суранышат.
Өзүңүздү кантип коргой аласыз?
• Эгерде сизге белгисиз номерден чалып, маалыматтарыңыз уурдалып кетти деген маалыматты билдиришсе, сүйлөшүүнү токтотуңуз.
• Картанын маалыматтарын банктын кызматкерлери болсо дагы (номер, жарактуулук мөөнөтү, CVV/CVC жана SMS же push-билдирүүлөрдөн келген колдор) онлайн дагы, телефон аркылуу дагы бербеңиз.
• Белгисиз номерлерден келген видео чалууларга жооп бербеңиз же белгисиз шилтемелер боюнча өтпөңүз жана тастыкталбаган булактардан тиркемелерди көчүрбөңүз.
· Маалыматты тактоо үчүн банк менен 9999 номери аркылуу байланышыңыз.
Картадагы акчалардын уурдалышын кантип алдын алуу керек?
· Картанын маалыматтарын браузерде же түзүлүштө сактабаңыз.
· Картанын маалыматтарын шектүү же бейрасмий сайттарга киргизбеңиз.
· Түзүлүш бузулган же шектүү көрүнсө, башка банкомат же башка терминалды пайдаланыңыз.
· Интернет операциялар үчүн чектелүү сумма менен өзүнчө картаны колдонуңуз, ал эми негизги картага интернет-операцияларды жүргүзүүгө тыюуну орнотуп коюңуз.
· Карта жоголуп же уурдалып кеткенде мобилдик тиркеме аркылуу дароо бөгөткө коюңуз.
· Төлөмдөрдүн жана сатып алуулардын тарыхчасын үзгүлтүксүз текшерип туруңуз.
· Банктык тиркемелер үчүн татаал сыр сөздөрдү жана эки факторлуу аутентификацияны колдонуңуз.
Эгерде сиз алдамчылыктын курмандыгы болуп калсаңыз, эмне кылуу керек?
• Картаны же эсепти бөгөттөө үчүн банкка кабарлаңыз.
• Укук коргоо органдарына арыз жазыңыз.
Маанилүү: О!Bank'тын кызматкерлери эч качан жеке маалыматтарды телефондон талап кылышпайт.