Ипотеканы тариздеп, 10 000 сомдук кешбэкке ээ болуңуз

O!Bank ипотекалык кредиттөөнү мурдагыдан да пайдалуу кылууда. Эми банктын кардарлары, биринчи төлөмдү график боюнча өз убагында төлөсө, 10 000 сом өлчөмүндөгү кешбэкке ээ боло алышат.
Ипотекалык кредит даяр турак жай сатып алуу, үй куруу же үй шарттарын жакшыртуу үчүн жеткиликтүү.
Кредиттөөнүн шарттары:
• суммасы — 250 000 сомдон 12 500 000 сомго чейин;
• мөөнөтү — 6 айдан 120 айга чейин;
• чени — жылдык 18%дан баштап.
Тариздөө үчүн паспорт, кирешени тастыктоочу документтер, ошондой эле күрөөгө коюлуучу мүлктүн документтери керек болот.
Консультация алууга өтүнмөнү шилтеме аркылуу калтырыңыз.
Ипотеканы O!Bank’тын бардык кеңселеринен же онлайн түрүндө «Мой О!» тиркемесинен тариздесе болот: «Кредиттер» бөлүмүн ачыңыз → «Ипотека» → маалыматтарды толтуруп, өтүнмөнү жөнөтүңүз.
Кешбэкти чегерүү шарттары:
• 3 500 000 сомдон жогорку суммага ипотекалык кредитти тариздеңиз;
• биринчи төлөмдү график боюнча толугу менен төлөңүз;
• 10 000 сомго ээ болуңуз — акциянын шарттары аткарылгандыгы тастыкталгандан кийин 10 календардык күндүн ичинде кешбэк чегерилет.
Толук шарттар менен шилтемеден таанышып чыкса болот
Акция 2026-жылдын 24-июнунан 31-августуна (кошо эсептегенде) чейинки мезгилде таризделген жаңы ипотекалык кредиттерге гана тиешелүү.
ЖНПЧ — 19,44%дан баштап. «О!Банк» ААК. КРУБдун 17.09.2024-жылдагы №044 лицензиясы. O!Bank’тын кызматкерлери жана банкка байланышы бар жактар акция катыша албайт.


