Ош шаарынын тургундары үчүн жеңилдетилген ипотека

О!Банк Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык ипотекалык ишканасы менен биргеликте жеңилдетилген пайыздык чендер менен турак жай сатып алуу үчүн ипотекалык насыяларды сунуштайт.
Шарттары:
- суммасы: 3 000ден 150 000 АКШ долларына чейин (же улуттук валютадагы эквиваленти);
- мөөнөтү: 12 айдан 84 айга чейин;
- пайыздык чени: жылдык 11%, ЖНПЧ 11,47%.
Ким ипотека ала алат?
- жеке жактар (Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери);
- кызматкерлер жана жеке ишкерлер.
Керектүү документтер:
- иштеген жеринен акыркы 6-12 айдагы эмгек акы/кирешеси жөнүндө маалымкат;
- арыз ээсинин паспорту жана жубайынын паспорту (расмий нике бар болсо);
- нике күбөлүгү.
Күрөө катары - кыймылсыз мүлк.
О!Банкта ипотеканы тариздеңиз жана өзүңүздүн үйүңүзгө ээ болуу кыялыңызды ишке ашырыңыз!
Суроолор боюнча төмөнкү дарек боюнча кайрылыңыз: Ош ш., Курманжан-Датка көч., 128.
10.11.2024Бардык жаңылыктар