Банктык уячаларды колдонуу үчүн жаңы тарифтер

2026-жылдын 1-июлунан тарта жеке жана юридикалык жактар тарабынан банктык уячаларды колдонуу үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирет.

Эми сейфтик уячалардын төрт өлчөмү жеткиликтүү. Ошондой эле кызматты мындан да пайдалуу шарттарда колдонууга мүмкүндүк берген арзандатуулар каралган.

Артыкчытыктар:
• Асыл мүлкүңүздү күнү-түнү коргоо.
• Уячанын ичиндеги мүлктүн купуялуулугун сактоо.
• Банктын иш убактысында ыңгайлуу жеткиликтүүлүк.

Жаңы шарттар менен төмөнкү шилтемелерден таанышып чыксаңыз болот:
Жеке жактарга банктык уячаларды берүү үчүн тарифтер
Юридикалык жактарга банктык уячаларды берүү үчүн тарифтер

Сейфтер КР ИИМдин Күзөт кызматынын коргоосунда атайын жабдылган жайда жайгашкан.