O!Bank санариптик сервистерин мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ыңгайлаштырды

O!Bank санариптик сервистерин бардык кардардарга ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылууда.
Эми «Мой О!» тиркемеси жана банктын расмий сайты көрүүсү начар колдонуучуларга ыңгайлаштырылды.

Бул — ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга банктык кызматтарды өз алдынча колдонгонго мүмкүндүк берет: акча которууга, кызматтарды төлөөгө, балансты текшерүүгө ж.б.

Тиркемени колдонуу үчүн, App Store’дон же Google Play’ден «Мой О!» тиркемесин жаңыртып алып, телефондун жөндөөлөрүнөн экрандык дикторду күйгүзүп коюу жетиштүү. Тиркеме iOS’то VoiceOver’ди жана Android’де TalkBack’ти колдойт.

Банктын сайтында тексттин өлчөмүн жөндөсө жана жогорулатылган контрастты колдонсо болот. Ошондой эле, сайт экрандагы маалыматка үн коштогон программаларды колдойт.

O!Bank үчүн финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгү — сапаттуу тейлөөнүн маанилүү бөлүгү. Санариптик сервистерди колдонуу бардык кардарларга ыңгайлуу болушу үчүн, банк ал сервистерди өнүктүрүүнү улантат.