O!Bank BIFF 2026 форумунун өнөктөшү болду

O!Bank BIFF 2026 эл аралык форумунун өнөктөшү болуп, Кыргызстандын банктык тармагынын санариптик трансформациялоосунун жана финансылык экосистемасын өнүктүрүүсүнүн негизги катышуучуларынын бири деген макамын тастыктады.

Форум 29-майда Бишкекте өтүп, финансы тармагын өнүктүрүү маселелерин жана санариптик экономиканын перспективаларын талкулоо үчүн мамлекеттик түзүмдөрдүн, эл аралык уюмдардын, банктардын жана финтех-компаниялардын өкүлдөрүн бириктирди.

Пленардык сессиялардын жана тематикалык панелдик талкуулардын алкагында O!Bank’тын спикерлери финансы тармагынын өнүгүүсүнүн негизги тенденцияларына болгон эксперттик көз карашын сунуштап, жасалма интеллект технологияларын киргизүү, бизнес-процесстерди оптимизациялоо жана заманбап санариптик экосистемаларды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

O!Bank’тын Башкармасынын Төрагасынын Биринчи орун басары Михаил Евдокимов AI-чечимдерди киргизүү жана ички процесстерди санариптештирүү боюнча банктын тажрыйбасы менен бөлүштү.

«Бүгүнкү күндө жасалма интеллект жөн гана автоматташтыруу куралы эмес, финансылык уюмдардын стратегиялык өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү болууда. Биз O!Bank’та негизги бизнес-процесстерге AI-чечимдерди ырааты менен интеграциялап жатабыз. Бул — чечимдерди кабыл алууну тездетүүгө, операциялык натыйжалуулукту жогорулатууга жана андан да жекелештирилген кардардык тажрыйбаны түзүүгө мүмкүндүк берүүдө. Биздин максатыбыз — заманбап, туруктуу жана кардарга арналган финансылык экосистеманы түзүү үчүн технологиялык инновацияларды колдонуу», — деди Евдокимов.

Михаил Евдокимов BIFF 2026 форумунун жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын айтып, финансы тармагынын, мамлекеттик институттардын жана технологиялык компаниялардын өкүлдөрүнүн ортосундагы кесипкөйлүк диалогу үчүн форум авторитеттүү эл аралык аянтча катары манилүү экендигин белгиледи.