O!Bank активдүү эмес MegaBlack виртуалдык карталарын жабууда

Эгер MegaBlack виртуалдык карталары аркылуу 6 айдан ашык операциялар жүргүзүлбөсө, 07.07.25-ж. тарта бул карталар жабылат.

Жаңы Visa Cashback картасын «Мой О!» супераппынан тариздеңиз же жакынкы O!Store’дон/O!Bank’тан паспорт менен ачыңыз.

Кандай артыкчылыктары бар?

  • POS-терминалдардагы же интернеттеги бардык сатып алуулардан 2% кешбэк.

  • Акысыз тейлөө.

  • Кыргызстандын бардык банкоматтарынан акысыз накталатуу.

  • Заматта акысыз чыгаруу.

Сатып алууларды Visa Cashback картасы аркылуу төлөө менен, ар бир төлөмдөн бонустук эсебиңизге заматта кешбэк аласыз. Топтолгон бонустарды өнөктөштөрдөн же комкызматтарды төлөөгө сарптаса болот. 1 бонус = 1 сом.