Онлайн-кредиттерде «токтотуп туруу мезгили»
2024-жылдын 14-декабрынан тартып О!Bank КР УБ талабы боюнча онлайн-насыялар үчүн «токтотуп туруу мезгилин» киргизет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банк тутумуна болгон ишенимди бекемдөөгө жана санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн өсүшү шартында кардарларды коргоого багытталган токтом кабыл алды.
Бул токтомдун алкагында онлайн- насыя алууда «токтотуп туруу мезгили» түшүнүгү киргизилген.
Бул эмнени билдирет?
Азыр онлайн-насыя үчүн акча дароо эмес, бир нече убакыт өткөндөн кийин гана чегерилет.
«Токтотуп туруу мезгилинин» узактыгы насыянын суммасына жараша болот:
• 15 000 сомдон 50 000 сомго чейин – 3 саат;
• 50 000 сомдон 100 000 сомго чейин – 6 саат;
• 100 000 сомдон жогору – 24 саат.
100 000 сомдон жогору насыялар үчүн кардардын макулдугун тастыктоо үчүн контролдук чалуу киргизилген.
Жаңыртылган «Мой О!» супер тиркемесинде 200 000 сомго чейин онлайн-насыя ала аласыз. Кененирээк шилтемеде.