О!Bank телефондун алдамчылык тууралуу эскертет

О!Bank телефондун алдамчылык тууралуу эскертет

О!Bank телефондук шылуундар тууралуу эскертет жана Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматтарды коргоо боюнча сунуштары менен бөлүшөт.


Алдамчылар кантип иштешет?


  • Өздөрүн банк кызматкерибиз деп атап чалышат.
  • Сиздин эсебиңиздеги көйгөйлөр же жеке маалыматтарыңыздын ачыкталышы жөнүндө кабарлашат.
  • Сизден сыр сөздөр, пин-коддор, картанын номерлери же ИНН сыяктуу маалыматтарды берүүңүздү сурашат.
  • «Коопсуз» эсепке акча которууну же «акча каражаттарын коргоо» үчүн башка кадамдарды жасоону сунуш кылышы мүмкүн.
  • Ынандыруу үчүн, алар банк логотиптери жана кол тамгалары бар жалган документтерди жөнөтүшү мүмкүн.

Өзүңүздү кантип коргоо керек?


  • Шектүү номерден чалып, маалыматтардын ачыкталышы же уруксатсыз кредит жөнүндө кабарлап жаткан болсо, сүйлөшүүнү токтотуңуз.
  • Жеке маалыматтарды (CVV коду, ИНН, пин-коддор ж.б.) бербеңиз жана маалыматты ырастабаңыз.
  • Белгисиз номерлерден келген видео чалууларга жооп бербеңиз же шектүү шилтемелер боюнча өтпөңүз.

Эгерде сиз шылуундардын курмандыгы болуп калсаңыз, эмне кылуу керек?


  • Картаны же эсепти бөгөттөө үчүн банкка кабарлаңыз.
  • Укук коргоо органдарына арыз жазыңыз.

Маанилүү: О!Bank'тын жана Улуттук банктын кызматкерлери сиздин макулдугуңузсуз насыяны тариздөө боюнча телефон чалышпайт жана мессенджерлер аркылуу расмий документтерди жөнөтпөйт.