Маанилүү! Сак болуңуз

O!Bank жеке маалыматтарыңызды жана акчаңызды алдамчылардан бекем коргоого жардам берген жөнөкөй эрежелер тууралуу эскертет.

Мүмкүн болуучу тобокелдиктерди четтетүү үчүн, үчүнчү жактарга төмөнкүлөрдү эч качан бербеңиз:
• SIM-карталарды;
• аккаунтка кирүү мүмкүндүгүн;
• логинди жана сыр сөздү;
• банктык картанын маалыматтарын (CVV/CVC);
• тастыктоо коддорун;
Маанилүү: O!Bank’тын кызматкерлери эч качан жеке маалыматтарды сурабайт.
Кирүү, инсандыкты тастыктоо үчүн маалыматтарды жана төлөө каражаттарын өткөрүп берүү алдамчылык иш-аракеттерине, финансылык жоготууларга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн.

Алдамчылыкка кабылсаңыз эмне кылуу керек?
• Картаны же эсепти бөгөттөө үчүн 9999 номери аркылуу банкка билдириңиз.
• Укук коргоо органдарына арыз жазыңыз.

Өзүңүзгө жана маалыматтарыңызга сак болуңуз!

Кам көрүү менен,
O!Bank