«Сакта» жана «Топтогуч-плюс» депозиттери боюнча пайдалуу киреше

2026-жылдын 5-февралынан тарта «Сакта» жана «Топтогуч-плюс» депозиттери боюнча жаңы пайыздык чендер күчүнө кирди.
Жогорку пайыздык чендүү депозитти пайдалуу шарттарда «Мой О!» супераппынан каалаган убакта онлайн түрүндө, ошондой эле банктын кеңселеринен ачса болот.
Сом түрүндөгү «Топтогуч-плюс» депозитинин шарттары:
•Мөөнөтү – 3 ай — 5%.
•Мөөнөтү – 6 ай — 9%.
•Мөөнөтү – 12 ай — 12,5%.
ЖНПЧ сом түрүндө 5,19% баштап 12,86% чейин.
• Пайыздарды төлөө — ай сайын.
• Толуктоо — мөөнөттүн биринчи жарымында мүмкүн, сумма боюнча чектөөлөрсүз.
• Жарым-жартылай чыгаруу — каралган эмес.
• Депозитти ачуу үчүн минималдуу сумма — 1000 сом.
Мөөнөтүнөн эрте бузулса төмөнкүдөй төлөнөт:
• 6 айдан жогору — чегерилген пайыздардан 50%;
• 9 айдан жогору — чегерилген пайыздардан 60%.
Сом түрүндөгү «Сакта» депозитинин шарттары:
•Мөөнөтү – 3 ай — 6%.
•Мөөнөтү – 6 ай — 10%.
•Мөөнөтү – 8 ай — 11,5%.
•Мөөнөтү – 12 ай — 13%.
•Мөөнөтү – 18 ай — 13%.
•Мөөнөтү – 24 ай — 12,75%.
ЖНПЧ сом түрүндө 14,01% чейин.
•Пайыздарды төлөө — ай сайын.
•Толуктоо жана жарым-жартылай чыгаруу — жок.
•Депозитти ачуу үчүн минималдуу сумма — 10 000 сом.
Кирешени ыңгайлуу калькулятордон эсептеп алса болот.
Маалымат жарыяланган учурга карата актуалдуу.


