SWIFT-которуу деген эмне
SWIFT — эл аралык система. Бул система аркылуу банктар өлкөлөр ортосунда акча которот. Которуу банктык реквизиттер менен жүргүзүлөт: жөнөтүүчүнүн банкындагы эсептен алуучунун башка банкындагы эсепке. Тез которуулар сервиси эмес, дал банктык которуу керек болгон учурда, акча ушундай жол менен чет өлкөгө жөнөтүлөт жана чет өлкөдөн алынат.
Башка өлкөгө акча жөнөтүңүз
Жеке максаттар үчүн гана. Коммерциялык бүтүмдөр боюнча төлөмдөр компаниянын атынан таризделет
Төлөмдүн багытын кантип көрсөтүү керек
Төлөмдүн багытына акчаны эмне үчүн которуп жатканыңызды көрсөтүңүз — так-даана, жалпы сөздөрсүз. Мисалы: эсептин же келишимдин номерин жана датасын, же алуучу сизге ким болорун
Туура багыттын мисалы
- 15.08.2026-жылдагы №125 келишим боюнча окууну төлөө
- Чет өлкөлүк банктагы жеке эсебиме өз каражаттарымды которуу
- Үй-бүлөмдүн мүчөсүнө материалдык жактан жардам берүү
Төмөнкүлөр сунушталбайт
- Кызматтарды төлөө
- Товар үчүн
- Келишим боюнча төлөм
- Белек
Которууну жөнөтүүнүн же алуунун алдында билип алуу маанилүү

Реквизиттер өзгөртүүсүз берилет
Эсептин номериндеги же SWIFT-коддогу бир эле символдон ката кетирүү — которуунун кармалуусунун же кайтарылуусунун эң көп кездешкен себеби
Аты жана фамилиясы — паспорттогудай
Акча которууда, паспорттогудай латиница менен жазуу колдонулат. Кыскартуулар жана жазуунун башка түрлөрү банктар тарабынан суроолорду жаратат
Төлөмдүн багыты которуунун чыныгы максатына дал келүүгө тийиш
Аны жөнөтүүчү банк жана алуучу банк текшерет
Банк кошумча документтерди сурашы мүмкүн
Бул, эл аралык которуулардагы милдеттүү текшерүүнүн бир бөлүгү жана которуунун бир нерсеси туура эмес экенин билдирбейт
Тарифтер жана комиссиялар
Валюта: орус рубли, АКШ доллары, казак теңгеси, евро, жапон иенасы, англиялык фунт стерлинг, австралиялык доллар, кытай юаны, өзбек суму, швейцариялык франк
Которууну жокко чыгаруу банктын тарифтерине ылайык жүргүзүлөт
SWIFT системасы аркылуу чет өлкөлүк валютадагы чыгыш төлөмдөр
Комиссия
Орус рубли RUB жана казак теңгеси KZT
0,10% минимум 500 сом максимум 10 000 сом
АКШ доллары USD
0,2% минимум 70 USD максимум 300 USD
Евро EUR
Бардык комиссияларды жөнөтүүчү төлөйт (OUR)
0,2% минимум 60 EUR максимум 250 EUR
Бардык комиссияларды алуучу төлөйт (BEN)
0,2% минимум 10 EUR максимум 170 EUR
Комиссиялар жөнөтүүчү менен алуучунун ортосунда бөлүнөт (SHA)
0,2% минимум 10 EUR максимум 150 EUR
Европа өлкөлөрүнүн валюталары: фунт стерлинг (GBP), швейцариялык франк (CHF) жана башка европалык валюталар
0,2% минимум 60 USD максимум 300 USD
Башка валюталар: жапон иенасы (JPY), кытай юаны (CNY), австралиялык доллар (AUD), канадалык доллар (CAD) жана башка чет өлкөлүк валюталар
0,2% минимум 5000 сом
Жакынкы кеңсени табуу
Сизге ылайыктуу которууну тапкан жоксузбу?

Kaspi'ге которуулар

Astrasend которуулары

Өзбекстанга которуулар

Visa которуулары
Көп берилүүчү суроолор
SWIFT-которуу деген эмне?
SWIFT — эл аралык система. Бул система аркылуу банктар өлкөлөр ортосунда акча которот. Которуу алуучунун банктык реквизиттери боюнча жүргүзүлөт: аты, эсебинин номери же IBAN номери, жана анын банкынын SWIFT-коду боюнча. Ушул ыкма менен чет өлкөгө акча жөнөтүшөт жана чет өлкөдөн акча алышат. O!Bank'та SWIFT-которуу банктын бөлүмүндө таризделет: жеке жактар которууларды жеке максаттарда жөнөтүшөт жана алышат, коммерциялык бүтүмдөр боюнча төлөмдөр компаниянын атынан жүргүзүлөт.
SWIFT-которуу канча турат?
Комиссия которуунун валютасына жараша болот. АКШ доллары үчүн — 0,2%, минимум 70 USD жана максимум 300 USD. Рубль жана теңге үчүн — 0,10%, минимум 500 сом жана максимум 10 000 сом. Калган валюталар боюнча тарифтер — ушул баракчанын «Комиссиялар» бөлүмүндө.
Которуу канча убакытта жүргүзүлөт?
Мөөнөтү которуунун валютасына, алуучунун банкына жана тизмектеги ортомчу банктардын санына жараша болот. Сиздин которуу боюнча так мөөнөттү кеңседен тариздеп жатканда тактап алсаңыз болот.
O!Bank'тан эсеп ачуу керекпи?
Ооба, эки учурда тең. Чет өлкөгө акча жөнөтүү үчүн, O!Bank'тагы эсеп керек — жок болсо, сиз банкка келгенде ачып беришет, паспортуңуз гана керек. Чет өлкөдөн акча алуу үчүн валюталык эсеп керек: дал ошол эсепке акча чегерилет. Бул жерде жеке жактар үчүн тартип көрсөтүлгөн — компаниянын атынан акча которуу үчүн тартип башка.
SWIFT-которууну онлайн жөнөтсө болобу?
Жок. Жеке жактын которуусу O!Bank'тын бөлүмүндө таризделет. Паспорт, алуучунун реквизиттери, жана эгер банк сураса, которуунун максатын тастыктаган документ керек болот.
Кайсы документтер керек болушу мүмкүн?
Которуунун максатына жана суммасына жараша болот. Банк төлөмдүн багытын тастыктаган документти сурашы мүмкүн: окуу келишимин, медициналык кызматтарды төлөө эсебин, жашаган жерди төлөө документтерин, тууганчылык жөнүндө документтерди же каражаттардын булагын тастыктаган документтер. Дароо бардык документтерди даярдоонун кажети жок — адатта, сиздин жагдайга тиешелүү документ талап кылынат. Документтерди суроо — эл аралык которуулардагы милдеттүү текшерүүнүн бир бөлүгү, жана ал которуунун бир нерсеси туура эмес экенин билдирбейт.
Төлөмдүн багытын кантип туура көрсөтүү керек?
Которуунун багыты — которуунун жеке максатын так-таамай түшүндүрүп, башка документтер аркылуу түшүнүп алуу жолу болбош керек. Максатты жана анын тек-жайын көрсөтүңүз: эсептин же келишимдин номерин жана датасын, же болбосо алуучу сизге ким болорун. Мисалы: «15.08.2026-жылдагы №125 келишим боюнча окууну төлөө», «Чет өлкөлүк банктагы жеке эсебиме өз каражаттарымды которуу», «Үй-бүлөмдүн мүчөсүнө материалдык жардам берүү». Коммерциялык ишти билдирген туюндурмалар — «кызматтарды төлөө», «товар үчүн» — жеке жактардын которууларына туура келбейт: мындай төлөмдөр компаниянын атынан таризделет. «Келишим боюнча төлөм» сыяктуу өтө жалпыланган туюндурмалар да туура келбейт — мында төлөмдүн максаты түшүнүксүз.
Жөнөтүүчүгө кайсы реквизиттерди берүү керек?
Паспортуңуздагыдай латиница менен жазылган атыңыз жана фамилияңыз, O!Bank'тагы валюталык эсебиңиздин номери жана которуу жүргүзүлө турган банктардын реквизиттери — алар валютага жараша болот. Толук топтом — ушул баракчанын «Которууну алуу үчүн реквизиттер» бөлүгүндө. Реквизиттерди өзгөртпөстөн бериңиз: бир символдон эле ката кетирүү которуунун кармалуусуна жана кайтарылуусуна алып келет.
O!Bank'тын SWIFT-коду кандай?
O!Bank'тын SWIFT-коду — MAKAKG22. Бардык валюталар боюнча банктын реквизиттери — «O!Bank'тын реквизиттери» баракчасында. Аларды менеджерден эсепти ачып жаткан убакта да сурап алсаңыз болот.
Которуунун суммасы боюнча чектөөлөр барбы?
Эгер төлөмдүн багытын документ менен тастыктоо мүмкүн болсо, сумма боюнча чектөөлөр жок — мисалы, окуу келишими же жеке турак-жайды сатуу-сатып алуу келишими менен. Мында которуу жеке максаттар үчүн болууга тийиш.
Эгер которуу түшпөсө эмне кылуу керек?
O!Bank'тын бөлүмүнө кайрылып, которууну издөөгө арыз жазыңыз — тарифтерде бул кызмат «Которууну териштирүү» деп көрсөтүлгөн. Банк — ортодогу катышуучу банктардын тизмеси боюнча суроо жиберип, төлөм кайсы этаптан токтоп калганын билип берет. Бул кызмат акылуу, анын баасы «Комиссиялар» бөлүгүндө көрсөтүлгөн.
Жөнөтүлгөн которууну жокко чыгарса же өзгөртсө болобу?
Реквизиттерди өзгөртүүгө же которууну чакырып алууга арыз берсе болот. Бирок натыйжасына кепилдик берилбейт: чечимди алуучунун банкы чыгарат. Ал эми акча алуучунун эсебине чегерилип калса, анын макулдугу менен гана кайтарып алса болот. Кандай жыйынтык чыкканына карабастан, жаралган суроону иштеп чыгууда комиссия алынат — баасы «Комиссиялар» бөлүгүндө көрсөтүлгөн.
SWIFT-которуу O!Bank'тын башка которууларынан эмнеси менен айырмаланат?
SWIFT-которуу башка өлкөдөгү алуучунун эсебине банктык реквизиттер менен жүргүзүлөт жана кеңседе таризделет — бул которуу чет элдеги банктык гана эсепке акча жөнөтүү керек болгондо колдонулат. Орусиядан келген которууларды алуу үчүн Astrasend бар, картага которуу үчүн — «Мой О!» тиркемесиндеги Visa Direct, эсеп ачпастан которуу үчүн — банктын бөлүмүнөн Western Union жана MoneyGram аркылуу которуулар бар.


