Өзбекстанга онлайн-которуулар

«Мой О!» аркылуу заматта жана комиссиясыз

icon

Пайдалуу курс боюнча конвертациялоо

icon

Заматта жана комиссиясыз 24/7

icon

Картанын номери аркылуу HUMO, UzCard карталарына

icon

Телефон номери аркылуу Өзбекстандын бардык банктарына

Өзбекстанга кантип акча жөнөтсө болот

Өзбекстанга «Мой О!» аркылуу эки ыкма менен акча жөнөтсө болот — телефон номери боюнча же картанын номери боюнча. Сервис Uzum Bank менен өнөктөштүктө иштейт, комиссия — 0%. Телефон номери боюнча которуу Өзбекстандын бардык банктарынын карталарына жетет: жөн гана номерди терсеңиз, тиркеме ушул алуучуга жеткиликтүү банктарды өзү көрсөтөт. Картанын номери боюнча которуу Humo жана UzCard карталарына жөнөтүлөт. Акча эсептен сом түрүндө алынып, алуучуга сум түрүндө түшөт. Чегерилүүчү сумманы которууну ырастаганга чейин көрөсүз.

Которуунун шарттары

Телефон номери боюнча которуу
Өзбекстандын бардык банктарынын карталарына
Картанын номери боюнча которуу
Humo жана UzCard карталарына
Чегерүү валютасы
Сум
Акчаны алуу үчүн комиссия
0%
Операциянын лимити
300 000 сомго чейин
Чегерүүнүн мөөнөтү
Заматта
Ким жөнөтө алат
Идентификацияланган кардарлар
Которууну жокко чыгаруу
Мүмкүн эмес

Лимиттер

Лимит идентификациянын деңгээлине жараша болот жана ар бир которууга колдонулат. Лимиттен жогорку сумманы O!Bank'тын же O!Store'дун каалаган кеңсесинен накталай алсаңыз болот. Болгону паспорт жана которуунун көзөмөл номери керек.

Онлайн-идентификация

Капчык — 30 000 сомго чейин, карта жана эсеп — 10 000 сомго чейин

Онлайн-идентификация

Кеңседеги идентификация

Картага, эсепке же капчыкка 300 000 сомго чейин

Кеңседеги идентификация

Картанын номери аркылуу которуу

Кадам1

«Мой О!» тиркемесин ачыңыз → «Төлөмдөр» → «Капчыктар жана банктар» → «Өзбекстандын банк карталары»

Кадам2

Картанын номерин териңиз

Кадам3

Сумманы териңиз

Кадам4

Төлөмдү ырастаңыз

Даяр! Которууңуз жөнөтүлдүДаяр

Даяр! Которууңуз жөнөтүлдү

Телефон номери аркылуу

Кадам1

«Мой О!» тиркемесин ачыңыз → «Төлөмдөр» → «Капчыктар жана банктар» → «Телефон номери аркылуу Өзбекстандын банк карталары»

Кадам2

Телефон номерин терип, банкты тандаңыз

Кадам3

Сумманы сом түрүндө көрсөтүңүз

Кадам4

Төлөмдү ырастаңыз

Даяр! Которууңуз жөнөтүлдүДаяр

Даяр! Которууңуз жөнөтүлдү

Сизге ылайыктуу которууну тапкан жоксузбу?

Kaspi'ге которуулар

Kaspi'ге которуулар

КайдаКазакстанга Kaspi.kz'кеКантипНомер же Kaspi QR аркылууШарттарЗаматта 24/7
Кененирээк
Astrasend которуулары

Astrasend которуулары

КайдаОрусиядан КыргызстангаКантипКартага же эсепкеШарттарЗаматта 24/7
Кененирээк
SWIFT которуулары

SWIFT которуулары

КайдаКаалаган банктагы эсепкеКантипРеквизиттер боюнча, 10 валютаЭмне үчүнИри суммалар үчүн
Кененирээк
Visa которуулары

Visa которуулары

КайдаДүйнөнүн 140+ өлкөсүнөКантипКартанын / телефондун номериШарттарБир нече мүнөттө чегерүү
Кененирээк

Көп берилүүчү суроолор

Телефон номери боюнча которууну Өзбекстандын бардык банктарынын карталарына жөнөтсө болот. Бүт тизмеден банкты тандоонун кажети жок: алуучунун телефон номерин терсеңиз, тиркеме ага жеткиликтүү банктарды көрсөтөт.

Ооба. Картанын номери боюнча которуулар Humo жана UzCard карталарына жөнөтүлөт. «Мой О!» тиркемесинен «Төлөмдөр» бөлүмүн ачыңыз → «Өзбекстандын банк карталары / HUMO / UzCard», алуучунун картасынын номерин жана сумманы териңиз.

Комиссия — 0%. Телефон номери боюнча да, картанын номери боюнча да акча которууда комиссия алынбайт. Акча эсептен сом түрүндө алынып, алуучуга сум түрүндө түшөт.

Лимит бир операция үчүн эсептелип, идентификациянын деңгээлине жана акча алынган булакка жараша болот.

  • Онлайн-идентификация болсо — капчыктан 30 000 сомго чейин, картадан же эсептен 10 000 сомго чейин.
  • Толук идентификация болсо — бардык булактардан 300 000 сомго чейин.

Лимитти жогорулатуу үчүн, каалаган O!Bank же O!Store кеңсесине паспорт менен келип, толук идентификациядан өтүңүз.

Сиз сом жөнөтөсүз, алуучуга сум түшөт. Чегерилүүчү так сумманы ырастоо экранынан көрөсүз: «Ырастоо» баскычын басуу менен, сиз конвертациялоонун шарттарына макул болосуз.

Жөнөтүлгөн которууну жокко чыгарса же кайтарып алса болбойт — операция кайтарылбайт. Ырастоонун алдында алуучунун телефонунун же картасынын номерин текшериңиз: бул маалыматтар ырастоо экранында көрсөтүлөт.

Төлөм ийгиликсиз болсо, акча автоматтык түрдө кайтарылат. Бардык операциялар «Мой O!» тиркемесиндеги төлөмдөрдүн тарыхында жеткиликтүү. Ал жерден чекти көрсө жана жөнөтсө болот. Эгер акча кайтарылбаса, 9999 номери аркылуу колдоо кызматына чалыңыз.

Жок. Кешбэк O!Bank картасы жана O!Bank QR-коддору менен төлөөдө чегерилет. Өзбекстанга акча которуу бул шарттарга кирбейт. Сатып алуулар үчүн жогорулатылган кешбэк O!Prime жазылуусу менен жеткиликтүү.

Сиздин банк ар дайым кол алдыңызда

«Мой О!» тиркемесинен төлөңүз, акча которуңуз, бонустарды башкарыңыз жана балансты көзөмөлдөңүз. Супераппты орнотуп алып, финансыларды оңой башкарыңыз