Россиядан которуу алыңыз
Тез «Мой О!» же O!Store'до
Тез «Мой О!» же O!Store'до
«Мой О!» тиркемесинде 24/7 онлайн
Картага же эсепке тез чегерүү
Пайдалуу курсу боюнча конвертация
КР банкоматтарында картадан накталоо 0%
Astrasend — акча которуулардын эл аралык системасы. Бул система аркылуу Орусиядан акча жөнөтүп, Кыргызстанда сом түрүндө алса болот. O!Bank'та Astrasend которуусу заматта чегерилет: «Мой О!» тиркемесинде онлайн же бардык O!Bank жана O!Store кеңселеринде. Жөнөтүүчү рубль түрүндө жөнөтөт, сиз болсо накталайсыз курс менен сом түрүндө аласыз — акчаны алуу үчүн комиссия жок.
Лимит идентификациянын деңгээлине жараша болот жана ар бир которууга колдонулат. Лимиттен жогорку сумманы O!Bank'тын же O!Store'дун каалаган кеңсесинен накталай алсаңыз болот. Болгону паспорт жана которуунун көзөмөл номери керек.
Картага, эсепке же капчыкка 30 000 сомго чейин

Картага, эсепке же капчыкка 300 000 сомго чейин





Astrasend — акча которуулардын эл аралык системасы. Бул система аркылуу Орусиядан рубль түрүндө акча жөнөтүлөт, Кыргызстанда сом түрүндө алышат. O!Bank'та Astrasend которуусун «Мой O!» тиркемесинен онлайн түрүндө же болбосо O!Bank же O!Store кеңселеринен алса болот. Акча заматта чегерилет, алуу үчүн комиссия — 0%.
Которууну эки ыкма менен алса болот:
Акча кайсы банктан жөнөтүлгөнүнө карабастан, жол-жобосу бирдей. Жөнөтүүчү Astrasend аркылуу каражаттарды которуп, сизге которуунун көзөмөл номерин жөнөтөт. Бул номерди «Мой O!» тиркемесинин «Төлөмдөр» бөлүмүндөгү «Astrasend'ди алуу» кызмат тилкесине терип, чегерүү үчүн капчыкты, картаны же эсепти тандаңыз да, төлөмдү ырастаңыз.
O!Bank'та Astrasend которуусун алуу үчүн комиссия — 0%. O!Bank картасынан накталай акча чыгарып алуу бардык O!Bank банкоматтарында комиссиясыз жеткиликтүү.
Которуу рубль түрүндө келип, O!Bank'тын сайтында жана «Мой O!» тиркемесинде жарыяланган банктын коммерциялык курсу боюнча сом түрүндө чегерилет. Курс ырастоо учурунда фиксацияланат: конвертациялоонун алдында система чегерилүүчү сумманы так көрсөтөт, ырасталгандан кийин сумма өзгөрбөйт.
Лимит бир операция үчүн эсептелип, идентификациянын деңгээлине жараша болот. Онлайн-идентификация болсо — 30 000 сомго чейин, толук идентификация болсо — 300 000 сомго чейин. Акча кайда чегерилбесин — капчыкка, O!Bank картасына же эсебине — лимит бирдей.
Каалаган O!Bank же O!Store кеңсесине паспорт менен келип, толук идентификациядан өтүү зарыл. Андан соң бир операциянын лимити 30 000 сомдон 300 000 сомго чейин көтөрүлөт да, которуу алуу мүмкүн болот.
Жаңы эсеп ачуунун кажети жок: которууну түздөн-түз «Мой О!» тиркемесинен капчыкка чегерсе болот. Ошондой эле, акчаны O!Bank картасына же эсебине алса болот — мында операциянын лимити бирдей.
Көзөмөл номери толук терилгенин, паспорттук маалыматтар туура көрсөтүлгөнүн, жөнөтүүчү акча жөнөткөндө алуучунун аты-жөнүн, идентификациялоодо көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык, туура көрсөткөнүн текшериңиз. Ошондой эле, «Мой O!» тиркемеси акыркы версиясына чейин жаңыртылганына ынаныңыз. Эгер ката кайталанып жатса, 9999 номери аркылуу колдоо кызматына чалып, которуунун көзөмөл номерин айтыңыз.
«Мой О!» тиркемесинен төлөңүз, акча которуңуз, бонустарды башкарыңыз жана балансты көзөмөлдөңүз. Супераппты орнотуп алып, финансыларды оңой башкарыңыз