Жеке жактардын карталары боюнча жаңы тарифтер

2026-жылдын 5-июнунан тарта жеке жактардын банктык карталары боюнча жаңыртылган тарифтер күчүнө кирет.
Төмөнкүлөр өзгөрөт:

• Visa Platinum’дун жылдык тейлөөсүнүн баасы;
• Кыргызстандын аймагындагы жана чет өлкөдөгү башка банктардын жана O!Bank’тын банкоматтарынан жана кассаларынан Visa карталары аркылуу накталай акча чыгарып алуу үчүн комиссия;
• «Элкарт» карталары боюнча акча каражаттардын калдыгына пайыздарды чегерүүнү жокко чыгаруу.
Жаңы тарифтер менен шилтемеден таанышып чыкса болот.