Орусиядан жөнөтүлгөн акча которууларды O!Bank кеңселеринен заматта алыңыз

Орусиядан жөнөтүлгөн акча которууларды O!Bank кеңселеринен заматта алыңыз

Эми Орусия Федерациясынан жөнөтүлгөн акча которууларды O!Bank кеңселеринен Астрасенд системасы аркылуу тез жана ыңгайлуу алсаңыз болот. Бул үчүн жөнөтүүчүдөн которуунун номерин алуу керек жана жаныңызда паспортуңуздун болуусу жетиштүү.

Акча которууну кантип Орусиядан Кыргызстанга жөнөтсө болот?

  • Которууну жөнөтүү үчүн акча которуу бара турган өлкөнү жана алуучунун аты-жөнүн көрсөтүңүз.

    КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Алуучунун аты-жөнүн алуучунун инсандыгын тастыктаган документке ылайык көрсөтүңүз.

  • Төлөгөндөн соң сизге которуунун номери берилет, аны алуучуга билдириңиз;
  • Которуу кызматынын акысын жөнөтүүчү төлөйт.

Акча которууну Кыргызстандан кантип алса болот?

  • Каалаган жакынкы O!Bank кеңсесине кайрылыңыз;
  • Которуунун 10 сандан турган номерин айтыңыз;
  • Которуунун суммасын, аны кайсы өлкөдөн жана кимден күтүп жатканыңызды билдириңиз;
  • Которууну алууда инсандыгыңызды тастыктаган документ зарыл болот.

Которуунун шарттары:

  • Жөнөтүүчү үчүн комиссия — болгону 1%;
  • Которууну алуу — акысыз;
  • Которуунун валютасы — орусиялык рубль (RUB).

Эмне үчүн Астрасендди тандоо керек?

  • Накталай берүүсү менен ыкчам которуулар;
  • Коопсуз заманбап система;
  • Ыңгайлуу, тез жана ишенимдүү;
  • Комиссиянын баарын жөнөтүүчү төлөйт.

Акча каражаттарын O!Bank’тын каалаган бөлүмүнөн ашыкча убарасыз тез арада алыңыз.

Толук маалымат 8008 номери боюнча (24/7, чалуу акысыз).