O!Business — бизнесиңизди смартфондон башкарыңыз

Бүгүнкү күндө ишкерлер үчүн финансылык маселелерди тез арада чечүү өтө маанилүү. Ошондуктан, O!Bank O!Business тиркемесин сунуштайт. Бул тиркеме менен банктык кызматтар ар дайым кол алдыңызда болот.

24/7 бою дүйнөнүн каалаган бурчунан эсеп ачыңыз, кредит тариздеңиз, төлөмдөрдү кабыл алыңыз жана финансыларды башкарыңыз.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 31-декабрына чейин атайын сунуш күчүндө болот — ишкерлер үчүн QR-төлөмдөрдү кабыл алуу жана эквайрингди колдонуу, жүгүртүмдүн көлөмүнө карабастан, комиссиясыз болот.

Бизнес үчүн бардык чечимдер сиздин смартфондо:

1. Салык кызматына барбастан ЖИни онлайн-каттоо жана күбөлүктү алуу.
2. Эсепти ачуу жана тейлөө — акысыз.
3. Тез каржылоо — банкка барбастан 200 000 сомго чейинки онлайн-кредиттер.
4. Visa Business картасы менен бүт Кыргызстан боюнча каалаган банктын банкоматтарынан накталай акча чыгарып алуу.
5. Кыргызстан ичинде ыкчам которуулар жана төлөм шилтемелери аркылуу төлөм кабыл алуу.

O!Business’ти App Storeдон же Google Playден жүктөп алып, бизнести башкаруу жана өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу аспапка ээ болуңуз. Толук маалымат шилтемеде.