O!Bank Өзбекстанга комиссиясыз онлайн-которууларды ишке киргизди

«Мой О!» санариптик экосистемасына кирген O!Bank жана Өзбекстандын алдыңкы санариптик банктарыныны бири болгон Uzum Bank Кыргызстандан Өзбекстанга акча которуу сервисин ишке киргизгендигин жарыялады.
Эки финтех-оюнчулардын өнөктөштүгү трансчегаралык которуулар үчүн тез жана ыңгайлуу жолду ачууда.
Эми O!Bank’тын колдонуучулары Өзбекстандын бардык банктарына телефон номери аркылуу, же Humo жана Uzcard карталарына картанын номери аркылуу акча жөнөтө алышат.
Заматта, коопсуз, комиссиясыз жана пайдалуу курс менен.
Uzum Bank менен интеграциялоо «Мой О!» экосистемасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, аймактагы күнүмдүк финансылык сервистердин негизги платформасы катарындагы анын ролун күчөтүүдө.
Которууну бир нече кадам менен жөнөтсө болот:
1. «Мой О!» тиркемесин жаңыртыңыз жана ачыңыз → «Төлөмдөр» → «Капчыктар жана банктар».
2. «Өзбекстандын банк карталары» же «Телефон номери аркылуу Өзбекстандын банк карталары» баскычын тандаңыз.
3. Алуучунун реквизиттерин жана сумманы көрсөтүңүз.
Каражаттар заматта түшөт!
Сервисти ишке киргизүү Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы финансылык интеграциялоону өнүктүрүүдөгү, ошондой эле Борбордук Азиядагы санариптик төлөм чечимдерин бекемдөөдөгү маанилүү кадам болду.
Эскерте кетели, былтыр O!Bank Казакстандын финтех-гиганты Kaspi.kz менен интеграциялоону жарыялаган.
«Мой О!» супераппын Google Play’ден же App Store’дон жүктөп же жаңыртып алыңыз — Кыргызстандын бардык операторлорунун SIM-карталары менен жеткиликтүү.
«О!Банк» ААК. КРУБдун 17.09.2024-жылдагы №044 лицензиясы.


